Кримдүйнө шайлоонун жүрүшүнө канчалык таасир этет? (видео)

771

Кылмыштуу топтор шайлоого аралашып жатышат! Учурда аймактарда, алардын кайсы бир талапкерлерди колдоп, жергиликтүү тургундарга, шайлоочуларга сөзү өтүмдүү тараптарга таасир этүү аракеттери болуп жатканы айтылууда. Адистер бийлик өкүлдөрүнө криминалдык чөйрөнү саясатка аралаштыруунун аягы жаман болоорун, муну өткөн бийликтердин тушундагы окуялар далилдегенин эскертишүүдө. Ошол эле учурда, кылмыштуу топтордун дагы, шайлоого аралашуусу өздөрүнүн жазылбаган мыйзамдарына туура келбейт, деген пикирлер бар. Коопсуздук тармагында адистер эмнеден сак болууга чакырып жатышат?