Криминалдык милиция: Бейбаштыкка шектелген кылмыштуу топ кармалды

5932

Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 12-августта Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынан белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду адамдар жок жерге алып барышып, сабап, тапанча менен коркутушуп, акча талап кылышкан. Бирок жабырлануучу качып кетүүгө үлгүргөн.

Андан сырткары, ошол маалда кылмышкерлер башка 26 жаштагы жергиликтүү тургунду тапанча менен коркутуп, акча каражатын талап кылып, денесине жаракаттарды келтиришкен. Андан соң ошол эле күнү түнкү убакытта автоунаасын башкарып бара жаткан 26 жаштагы башка жергиликтүү тургунду токтотушуп, эч себепсиз сабап салышкан.

Жогорудагы үч окуяда тең кылмышкерлер такталбаган ок атуучу куралды колдонушкан. Бул фактылар боюнча “Бейбаштык” беренеси менен Кадамжай РИИБнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлө баштаган. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү такталып, алар кармалды. Соттун чечими менен шектүүлөр 2 айга убактылуу кармоочу жайына киргизилди.