Криминалга сый мамиле жасагандар жазаланабы? (видео)

2507

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, «Казак» деген каймана аттуу Умар Маратов милиция кызматкерин «өлүм» менен коркутуп жатканы боюнча маалымат өзгөчө көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти. Эске салсак, тартип сакчынын адвокаты президентке, Башкы прокуратурага жана журналисттер коомчулугуна жардам сурап кайрылган.

Буга оперативдик кызматкердин өз жетекчилигине рапорт жазганынан майнап чыкпаганы себеп болгон. Анткени тиешелүү реестрге катталган иш белгисиз себептер менен жабылган. Ош шаардык прокуратурасы болсо ал токтомду жокко чыгарып, материалдар кайра иликтөөгө жөнөтүлүптүр. Милициянын өмүрүн коркунучка кептеп, криминалга сый мамиле кылгандар кимдер жана алар кандай жазаланат?