Кримтөбөлдүн бошотулушу: Коррупциялык иш кантип ишке ашкан? (видео)

521

Өтө коркунучтуу кылмышкерди бошотобуз деп өздөрү темир торго отурушту. Алты жыл мурда абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарылган Азиз Батукаев боюнча жыл башында жанданган кылмыш ишин тергөө ушул аптада аяктады. Криминалдык төбөлдүн ден-соолугу куландай соо экенин 2013-жылы эле баары түшүнүшкөн. Бирок аны бошотуу мыйзамдуу болгон деп баары ээ жаа бербей, ишти жаап коюшкан. Эми гана бул жогорку уюшкандыкта жасалган коррупциялык иш экени аныкталып отурат. Ички иштер министрлиги жалпы жонунан 19 кишинин тиешеси бар деп биринин артынан экинчисин камап отурду. Тергөөчүлөр ылдыйдан ойдо баштап, чу дегенде эле Азиз Батукаевден кан алган лаборантты кармаган. Улам бирөөнүн кулагы чыгып отуруп, баягы чынжырчанын учу акыр аягы келип экс-президент Алмазбек Атамбаевге такалды.

Алты жыл мурда эле Азиз Батукаевди абактан чыгаруунун артында аябай көп акча турганы айтылган. Бир эле аткаминердин кызматы 100 миң долларга чейин бааланды деген сөз тараган эле. Тергөөчүлөр азырынча кылмыш ишиндеги жагдайларды ачыктабай жатат. Андыктан криминалдык төбөлдү бошотуу боюнча атайын операция кантип жөргүзүлгөнүнүн деталдары белгисиз бойдон калууда. Бирок жогорку уюшкандыкта ишке ашканы айкын болуп калды.

Тергөө абагына киргизилген мурдагы жогорку кызматта отургандардын дээрлик баардыгы тергөө менен кызматташууга барып, үй камагына бошонушту. Азыр төртөө түрмөдө, алардын бири экс-президент Алмазбек Атамбаев, калган үчөө абак кызматкерлери, дарыгерлер.