Криштиану Роналду жылдын эң мыкты футболчусу деп аталды

1019

Дүйнөлүк футболдун мыктыларынын мыктысы тандалды. Кечээ күнү Англиянын Лондон шаарында тандоо салтанаты болуп өтүп, анда «Реал Мадрид» клубунун оюнчусу Криштиану Роналду 2017-жылдын эң мыкты футболчусу деп аталды.

Бул наам үчүн «Барселонанын» жылдызы Лионель Месси жана «Пари Сен-Жермен» клубунун чабуулчусу Неймар да ат салышкан болчу. Ал эми жылдын эң мыкты машыктыруучусу деп «Реалдын» башкы тренери Зинадин Зидан таанылып, ал «Челси» менен «Ювентус» клубдарынын машыктыруучулары Антонио Конте менен Массимилиано Аллегрини артка калтырды.

Ал эми жылдын мыкты голу деп Оливье Жирунун «чаяндын соккусу» деп аталган, тактап айтканда, топту таманы менен тээп киргизгени табылып, ал Ференц Пушкаш атындагы сыйлыкка ээ болду.