Кризиске кептелген Дордой базары (видео)

1902

«Дордой» базарында иштеген сатуучулар өкмөттөн кайрадан салыктан жеңилдетүү сурашууда. Анткени учурда Кытай товарларын саткан соодагерлердин көпчүлүгүнүн контейнерлери бош калган. Буга кошуна өлкөдөн алынып келе турган товарлардын чек арада айлап кармалып турганы себеп болууда.

Бир ай мурда эле «Дордой» базарында иштеген ондогон сатуучу «Торугарт» чек ара бекетинин ачылышын талап кылып, митингге чыгышкан болчу. Анда өкмөт өкүлдөрү маселе чечилерин, ал үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиришкен. Бирок эмнегедир ал аракеттерден майнап чыкпай жатат.