КРнын Башкы штабынын подполковниги Казакстанда баңги заты менен кармалды

722

Подволковник чек арадан өтүп жатканда кошуна өлкөнүн кызматкерлери тарабынан колго түшкөн. Анын жанында баңги заты болгону айтылууда. Кылмышка шектүү подполковниктин баш коргоо чарасын Кордай райондук соту карайт.

Маалыматтарга караганда, кармалган аскер кызматкери Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун машыгуусуна катышууга барган офицерлердин тобунун мүчөсү болгон. Ал 15-октябрь күнү «Ак-Жол» чек ара бекетинен бери өтүп жатканда колго түшкөн.

Бул маалыматты Башкы штаб тастыктап, азырынча кеңири маалымат берилбейт, деп билдирген. Подполковниктин кармалышы боюнча учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатканы гана айтылды.