КРнын Башмыйзамы кабыл алынганына быйыл 25 жыл толду (видео)

778

Кыргызстанда биринчи Конституция кабыл алынганына 25 жыл толду. Чейрек кылым ичинде баш мыйзам он жолу өзгөрүүгө дуушар болду. Бирок буга карабай өлкөнүн негизги документин азыр кынтыксыз деп айтууга болбойт. Андыктан дагы алымча-кошумчалар киргизилиши мүмкүн, дешет адистер. Конституцияны бат-баттан алмаштыруу боюнча Аскар Акаев алдыга эч кимди чыгарган жок. Анын тушунда 5 жолу референдум өткөрүлгөн. Ал эми Курманбек Бакиевдин 5 жылдык бийлиги учурунда Конституция үч жолу өзгөртүлгөн.