КРнын Центеррадагы үлүшүнүн 6%га азайып кетишине эмне себеп болду? (видео)

1067

Жогорку Кеңеш «Центерра» компаниясындагы Кыргызстандын үлүшүнүн алты пайызга азайып кетишинин себебин иликтеши керек. Мындай демилгени «Республика-Ата Журт» фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов көтөрүп чыкты. Анын айтымында, канадалык инвесторлордун финансылык абалы күмөн жараткан ишкананы бир миллиард 100 миллион долларга сатып алышы Кыргызстан үчүн кооптуу. Эскерте кетсек, июль айынын ортосунда Центерра компаниясы Түндүк Америкалык «Томсон Грик» тоо-кен ишканасына ээ болуп кылган. Ага каражат табуу үчүн кошумча акциялар чыгарылып, сатыкка коюлган. Мунун кесепетинен Кыргызстандын үлүшү 32 пайыздан 26 га түшүп калды.