КРнын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына арналган иш-чаралар (видео)

1093

«Ала-Тоо» аянтындагы Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгын майрамдоо салтанатынын расмий бөлүгү аяктаган соң, азем чыгармачыл топтордун концерттик иш-чаралары менен коштолду. Бул майрамдык иш-чарага келген миңдеген адамдар оюн-зооктордон тышкары, эски аянтта өтүп жаткан күрөш фестивалына жана Улуттук спорттун түрлөрүнө да күбө болушууда. Майрамдык иш-чаралар калаанын бардык аймактарында, сейил бактарында, кичи райондордо жана жаңы конуштарда да уюштурулган. Майрамдык салтанат 19.00дө эстрада ырчыларынын катышуусундагы шоу-программа менен уланып, түн жарымында фейерверк менен аяктайт.