КРнын футбол курама командасынын баасы рекорддук көрсөткүчкө жетти

3061

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын баасы соңку 3 оюндан кийин өсүп, рекорд койду. Бул тууралуу «Спутник» агенттиги германиялык «ТрансферМарт» басылмасынын маалыматына таянып жазып чыкты.

Эске салсак, ушул айда Кыргызстандын курама командасы Өзбекстан менен Япониянын футболчуларына утулуп, Тажикстан менен тең чыккан. Мелдештерге чейин Кыргызстандын курама командасынын наркы 2 миллион 525 миң еврого бааланып, тизмеге 12 спортчу кирген. Бул рекорддук көрсөткүч болуп турган.

Учурда Улуттук команданын наркы 2 миллион 650 миң еврого чейин өсүп, ага 13 футболчу кирди. Анда Улуттук курамынын капитаны Валерий Кичин 1,5 миллион еврого бааланса, Гүлжигит Алыкулов 200 миң, Павел Матяш 150, ал эми Азамат Байматов менен Ахлетдин Исраилов 125 миң евродон бааланган. Калган оюнчулар 75-50 миң евро деп белгиленген.

Ушул жылдын январь айындагы Азия кубогунун алдында Кыргызстандын футбол командасынын баасы 2 миллион 75 миң евро болуп турган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.