КРнын өнөр жай тармагында 200 миңге жакын адам эмгектенет (видео)

649

Кыргызстан шериктештик өлкөлөрү арасында өзүндө чыгарылган кийимдерди экспорттоо боюнча 3 орунда турат. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тигүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган жумалыкта билдирди. Ишкерлердин айтымында кыргызстанда тигүү цехтерин ачуу өзгөчө кыйынчылыкты деле жаратпайт.
Ошондой эле башка бизнестерге салыштырмалуу бул жаатта тобокелчилиги азыраак. Мындан улам адистер өнөр жай тармагында жумуш орундарын көбөйтүп жана эмгек шарттарын жакшыртуу зарыл дешет. Себеби бул тышкы миграцияны токтотуп жана калктын жумуш менен камсыз болуусуна шарт түзөт.