КРнын жаш хоккейчилери Чикагодо өткөн турнирдин чемпиону аталды

941

Кыргызстандын жаш хоккейчилери АКШнын Чикаго шаарында өткөн «Баррингтон Айс Арена 2017» эл аралык турниринин чемпиону аталып, алтын медалдарга ээ болушту. Финалдык беттеште биздин кичинекей мекендештер «Айс Догс» командасы менен таймашкан.

Биринчи айлампада 3:0 эсебинде Айс Догс оюнчулары алдыга чыгышса, кийинки дагы эки турда теңме-тен чыгышкан. Акыркы чечүүчү айлампада 7:8 эсебинде кыргызстандык оюнчулар жеңишти алып кетишкен.

Эске салсак, «Баррингтон Айс Арена 2017» мелдеши 1-декабрда башталган. Ага АКШ, Канада жана Кыргызстандан беш команда катышты. Бишкектин хоккей боюнча балдар курама командасы финалга чейин 3 беттеш өткөргөн.

Анда алар бир командадан жеңилсе, 2 команданы чоң айрыма менен утушуп, финалга жолдомо алышкан болчу.