Крымдагы кайгылуу окуяда каза тапкандардын саны 20га жетти

888

Алардын 15и студенттер, калганы окуу жайдын кызматкерлери. Мындан сырткары, 50дөй адам жараат алган. Ооруканадагы 35 адамдын ичинен сегизинин абалы оор.

Кечээ күнү Крымдагы Керч техникалык колледжинде 18 жаштагы студент ок чыгарып, жардыруу уюштуруп, андан кийин ал өзүн-өзү өлтүрүп салган. Маалыматтарга караганда, ал жалгыз иш алып барган. 4-курстун студенти окуу жайдын имаратында жардыруу жасоо менен катар өзү алып келген куралдан студенттер менен мугалимдерге ок аткан.

Алгач “теракт” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон, кийин ал “көп адамды өлтүрүү” беренесине алмаштырылды. Тинтүү учурунда, окуу жайдын имаратынан дагы бир жардыруучу зат табылып, саперлер аны зыянсыздандырган.

Кайгылуу окуяда каза тапкандардын жакындарына Россия бийлиги 1 миллион рубль, ал эми жабыркагандарга 500 миң рублдан берилээрин кабарлады. Учурда Крымда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, аймакта өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.