КСДП Акыйкатчы кызматына Токон Мамытовдун талапкерлигин сунуштады

802

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы Акыйкатчы кызматына мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытовдун талапкерлигин сунуштады. Мындай чечим фракциянын жыйынында кабыл алынды.

Эске салсак, мурдагы Омбудсмен Кубат Оторбаев 26-июнда өз ыктыяры менен арыз жазып, кызматтан кеткен. Андан бери өлкө Акыйкатчысы шайланбай турат. Буга Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга чыгып кеткени себеп болгон. Ал эми мыйзамга ылайык, жаңы Акыйкатчыны парламент бир ай аралыгында шайлашы керек болчу.

Эреже боюнча Жогорку Кеңештеги ар бир фракция 3 талапкерге чейин көрсөтө алат. Омбудсменди депутаттар жалпы жыйында добуш берүү менен шайлашат. Буга чейин “Ата Мекен” фракциясы юрист Канатбек Азиздин талапкерлигин сунуш кылган болчу.