КСДП Акыйкатчыга ишеним көрсөтпөөнү чечти (видео)

934

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы өлкө Акыйкатчысына «ишеним көрсөтпөө» чечимин кабыл алды. Буга Омбудсмен Кубат Оторбаевдин аталган фракциянын отурумдарына келбегени себеп болду. Бүгүн башкы укук коргоочу социал-демократтардын жыйынында жылдык отчетун тапшырмак. Бирок ал отурумга үчүнчү жолу себепсиз келген жок, дешет депутаттар. Ошол эле убакта, айрым эл окүлдөрү учурдагы Акыйкатчынын жумушун жарандык сектор мактап, активдүү иш алып барып жатканын айтып чыгышты. Мындан улам, жыйынга катышкандардын көпчүлүгүндө түшүнбөстүктөр пайда болду.