КСДП: Атамбаев Кыргызстанга сөзсүз кайтып келет

725

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан Бишкекке кайтып келе турганын «Азаттыкка» билдирди. Ал «Атамбаев качып кетти» деген пикирлерди четке какты:

— «Келет же келбейт» деген талкууларга негиз жок. Алмазбек Атамбаевдин позициясын билесиңер. Ал Кыргызстандан эч кайда кетпейт. Кетүүгө эч кандай себеп да, негиз да жок. 28-октябрда Бишкекке кайтып келет.

Алмазбек Атамбаев Орусияга 22-октябрда кеткен. Анын алдында КСДП мурдагы президент 22-23-октябрда Санкт-Петербургда жеңесинин тажиясына барып, 24-27-октябрда Москвада өтө турган саясий партиялардын эл аралык жыйынына катыша турганын, мекенине жекшемби күнү кайтаарын маалымдаган.