КСДП Атамбаевге каршы чыгабы? (видео)

731

Атамбаевсиз КСДП. Ушундай ураан менен Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын айырым активисттери жер-жерлерде жыйындарды өткөрүшүүдө. Ал чогулуштарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди партиянын лидерлигинен кетирип, саясий кеңештин курамын алмаштыруу талаптары коюлуп жатат, дешет уюштуруучулар.

Ал арада бул кыймылды Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары дагы колдой башташканы белгилүү болду. Эксперттер дагы бул партиянын ичиндеги бөлүнүп-жарылуу ачык эле байкалып, аны жашыруу мүмкүн болбой калганын айтышууда.