КСДП: Бир партия – эки позиция (видео)

575

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы парламенттеги азчылыкка өтпөйт жана көпчүлүктүн коалициясында кала берет. Бул тууралуу фракция лидери Иса Өмүркулов билдирди. Эске салсак, социал-демократтар партиясы оппозицияга өткөнүн расмий жарыялаган болчу. Депутаттын айтымында, өлкөдөгү акыркы жагдайларды эске алганда Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктү ыдыратып, өкмөттү отставкага кетирүү туура эмес.

Бирок буга макул болбогон эл өкүлдөрү да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев КСДПны көпчүлүк коалициядан чыгаруу боюнча 4 фракция лидерине кайрылуу жасаганы жатыптыр. Саясий партия оппозицияга кетсе, андан парламентке шайланып келген фракция кайсы регламенттин негизинде иш алып барат?