КСДП: Бир партияда 2 лидер. Ача пикирлер (видео)

811

КСДПнын бир бөлүгү курултай өткөрдү. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев да чакырылганы менен келген жок. Өлкөнүн ар аймагынан чогулган 300дөй делегат мурдагы президенттин 6 жылдык башкаруу учурундагы иштерге сын пикирлерди айтышты. Курултайга чогулгандардын баары бир ооздон КСДПнын саясатына ичи чыкпаганын билдиришти.

Мындан улам, алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин лидерлик укуктарын токтотуу чечимин чыгарып, жаңы лидер шайлашты. Делегаттардын добушу менен Сагынбек Абдрахманов партиянын бир тарабынын жетекчиси болду. Ал эми экинчи тараптын курултайы 6-апрелге белгиленген.