КСДП экиге бөлүнүп, эки тарап эки башка съезд өткөрөт (видео)

611

Социал-демократтар партиясындагы ажырым барган сайын күчөп жатат. Анын натыйжасында, эми апрелде КСДПнын эки башка съезди өткөнү турат. Партиянын саясий кеңешинин 19 мүчөсү чогулуп, өткөн жылдын 18-октябрында саясий кеңештин чечимин жокко чыгырып, КСДПнын кезектеги съездин 3-апрелге белгилешкен. Бирок мындай чечимге социал-демократтардын саясий кеңешинин баардык эле мүчөлөрү макул эмес.

Партиянын лидери Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары 6-апрелде боло турган жыйынга даярданып жатканын билдиришти. Алар экс-президенттин каршылаштары 3-апрелде өткөрө турган съезд мыйзамсыз экенин, партиянын уставы бузулуп жатканын айтышууда.