КСДП юстиция министрине каршы прокуратурага кайрылды (видео)

565

КСДПнын Алмазбек Атамбаев тарабы Юстиция министрлигинин алдына нааразычылык акциясын өткөрүп, талаптарын аткарууга мекемеге 7 күн беришти. Бул убакыт аралыгында партиянын тегерегиндеги маселе чечилиши керек дешет. Болбосо чоң митингдер уюштуруларын эскертишти.

Ал эми социал-демократтардын Сагынбек Абдрахманов баштаган тобу саясий уюмга толук кандуу ээлик кылуу үчүн ишке кызуу киришкен. Учурда жаңы мөөр, штамптарын жасатуу иштери жүрүп жатыптыр. Мурдагыларын жокко чыгаруу үчүн тиешелүү жактарга билдирүү жөнөтүп коюшкан.