КСДПчы Момбеков жемкорлорго мунапыс сурады (видео)

1383

«Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу», «коррупция» беренелери боюнча айыпталып соттолгондорго мунапыс берилиши мүмкүн. Учурда КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков мунапыс жөнүндөгү мыйзамга толуктоо киргизүүнү сунуштап жатыптыр. Бирок айрым адистер бул президенттин коррупция менен күрөшүү аракетине кедерги болоорун айтышууда.

Эскерте кетсек, мунапыс бериле турган 303 жана 304-беренелер оор кылмыш болуп эсептелет. Бул айыптоолор боюнча соттолгондордун үй-мүлкү конфискацияланып, күнөөсүнө жараша 3 жылдан 15 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.