КСДПнын үч депутаты кол тийбестиктен ажыратылабы? (видео)

2638

Парламентте КСДП фракциясынын мүчөлөрү Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук беруу жөнүндө башкы прокурордун сунуштамасын кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Анын курамына 7 эл өкүлү кирди. Алгач ар бир фракциядан бирден, ал эми Социал-демократтардан эки эл өкүлү болсун деген сунуштар айтылган.

Бирок жыйында отурган КСДП фракциясынын бир мүчөсүнөн башкасы комиссияга кошулууну каалаган жок. Алардын мындай кадамын башка кесиптештери катуу сынга алышты. Депутаттар арасында шайлоо аяктап, жаңы курам келе жатканын эске алганда 3 депутаттын иштөө мөөнөтү бүткөнгө чейин тиешелүү чечимди тезирээк чыгарып берүү керек дегендер да болду.