“КТ Мобайл” чуусу: Өкмөттө 3 аткаминер кызматтан алынды (видео)

595

Кол алдындагы кызматкерлерди жумуштан алуу менен өкмөт башчы жоопкерчиликтен кутулууну көздөп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары билдиришти. Өкмөттө 3 аткаминер кызматтан айдалды. Үч отставка тен «КТ Мобайл» компаниясынын айланасындагы окуяларга байланыштуу болду.

Премьер-министрдин бир тууган бажасы Иманкадыр Рысалиев өкмөттүн аппарат жетекчилеринин иш бөлмөсүндө жаңы улуттук уюлдук оператор түзүү боюнча жыйын өткөрүп, аткаминерлерге тапшырма бергени ачыкка чыккан. Бул жаңжалдын арты эмнеге алып келет?