«КТ Мобайл» чырын иликтеген депкомиссия мокоп баратабы? (видео)

667

«КТ Мобайл» ишканасынын айланасындагы чырды иликтеген депуттаттык комиссия мокоп баратат. Учурда күнөөнү «Мегаком» компаниясынын жетекчисине оодаруу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу парламенттик комиссиянын экинчи отурумунда айтылды. Депутаттык топ эки жумадан бери араң жыйынга чогулушту.

Анда да, айрым мүчөлөрү отурумду жабык өткөрүү керек деп чыгышты. Бирок колдоо тапкан жок. Эл өкүлү Жанар Акаевдин айтымында, депутаттардын маанайы өзгөрүп, күнөөнү көйгөйдү айтып чыккан адамга илүү аракети көрүлүп жатат. Отурумга дооматтар көп айтылган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү катышты. Ал эми бажасы менен анын уулу чакырылса дагы келген жок.