КТРК менен НТСтин жетекчилери расмий кызматка киришти (видео)

654

Өлкөнүн эң абройлуу делген 2 телеканалдын жетекчилери расмий кызматка киришишти. НТС телеканалын Миржан Балыбаев жетектей баштады. Телеберүү жаатында анын 14 жылдык тажрыйбасы бар. Миржан Балыбаев эмгек жолун парламенттик кабарчы болуудан баштап, соңку 7 жылдан бери НТС каналынын Маалымат жана аналитика департаментинде башкы редактор болуп эмгектенип келген.

Ал эми КТРКнын башкы директорлук кызматына Жайнак Үсөн уулу киришти. Ал төрт жылдан бери НТС телеканалын жетектеп келген. Коомдук Биринчи каналдын Байкоо кеңеши Жайнак Үсөн уулун көпчүлүк добуш менен шайлаган. Ал буга чейин өзүн мыкты менеджер экенин көрсөтө алды.