КТРКнын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу тандалды (видео)

893

Коомдук телерадиокомпаниянын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу тандалып алынды. Ага КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13ү өз добушун беришти. Жайнак Үсөн уулу, Кыргызстандын башкы телеканалынын директорлук кызматына 19-марттан тарта киришет. Соңку 4 жылдан бери ал НТС телеканалын жетектеп келет.

Эске салсак, КТРКнын директорлугуна 17 талапкер өтүп, анын арасынан сегизи финалдык бөлүккө калышкан. Бүгүн алардын бири өз талапкерлигин чакыртып алган. КТРКнын башкы директору Байкоочу кеңеш тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланат.