Кубанычбек Жумалиевден 20 миң доллар опузалаган жаран кармалды (видео)

1166

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден 20 миң доллар опузалаган жаран кармалды. Бишкектин Биринчи май райондук милициясынан билдиришкендей, эл өкүлү белгисиз жаран Финполиция тарабынан ачылган кылмыш ишин токтотуу үчүн андан акча талап кылганын айтып, 5-декабрда милицияга кайрылган.

Аталган факты “Пара талап кылуу” беренеси менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 24 жаштагы жигит 2 миң доллар алып жатканда колго түшүрүлгөн. Кылмышка шектүү кимдин атын жамынган?