Кубанычбек Кулматов Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды

778

Азамат Сулайманов Бажы кызматынын төрагалыгынан бошотулуп, ордуна Кубанычбек Кулматов барды. Буга байланыштуу буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Кубанычбек Кулматов Бажы кызматына ушуну менен экинчи ирет жетекчи болуп дайындалууда.

Ал 2010-2013-жылдары аталган мекемени башкарган. Андан кийин Чүй областынын губернатору, Бишкек шаарынын мэри, Кыргызстан-Россия өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп иштеп, быйыл сентябрдан бери Улуттук банкты жетектеп келген.