Кубанычбек Кулматов бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду

675

Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кулматовдун ордуна бажы кызматынын жаңы жетекчиси катары Алмаз Оңолбеков дайындалды. Ал 25 жылдан бери бажы тармагында иштеп, буга чейин «Түндүк» бажысынын башчысы болуп келген.

Эске салсак, 3 күн мурда Кубанычбек Кулматов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине күбө катары суракка чакырылган. 3,5 саатка созулган сурактан чыккан жетекчи кытайлык Тибиэй компаниясы берген гранттык каражаттын эсебинен курулган мектеп боюнча көрсөтмө бергенин айткан. Ал кезде Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарынын мэри болчу.