Кубанычбек Кулматов УКМКда сурак берди (видео)

842

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов Улуттук коопсуздук комитетине чакырылып, сурак берди. УКМКнын өкүлдөрүнүн айтымында, ал козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары чакырылган. Кулматов кайсы иш боюнча көрсөтмө бере тургандыгы айтылган жок. 3,5 саатка созулган суракта тергөөчүлөр аны кайсы кызматына байланыштуу чакырганын журналисттерге айтып берди. Эске салсак, Кубанычбек Кулматов акыркы 8 жылда Бажы кызматынын төрагасы, президенттин кеңешчиси, Чүй областынын губернатору жана Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген. Былтыр бир жылда Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен Улуттук банктты жетектөөгө үлгүргөн. Акыркы мекемеде 4 ай иштеген соң, кайрадан Бажы кызматынын башчылыгына келген.