Кубанычбек Кулматовго карата дагы бир кылмыш иши козголду

822

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовго карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунда анын баш коргоо чарасы каралып жатканда белгилүү болду. Прокурорлор «мамлекеттик документтерди жасалмалоо» жана «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти. Муну УКМК дагы тастыктады.

Тергөөчүлөрдүн версиясына ылайык, 1996-жылы Кубанычбек Кулматов Россиянын жараны болуп туруп, мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын паспортун алган. Муну менен катар эле, Кубанычбек Кулматов бүгүн Бишкек шаардык сотунун чечими менен камакта калтырылды. Буга чейин Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, жогорку инстанцияга арыз менен кайрылган.

Эске салсак, 2 жума мурда Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралып, ал июндун аягына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага май айында «коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулган. Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.