Күбөлөр: “Мадина” базарына өрт атайын коюлушу мүмкүн

562

Бишкектеги кездемелер сатылган “Мадина” базарына өрт атайын коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу соодагерлер айтышууда. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, азырынча кырсыктын так себебин айта элек.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, өрт чыккан кампада 9 ишкердин товары болгон. Анын алтоо Кытай жарандарыныкы болсо, калгандары — кыргызстандык соодагерлерге таандык.

Азырынча ишкерлер канча чыгым тартышканы так эсептелип чыга элек. Учурда өрт кырсыгы боюнча атайын экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Күйүп кеткен кампа базардан 100 метр узакта болгон жана анын аянты 1,5 миң чарчы метрди түзөт.

Буга чейин жалын зымдардын тийишүүсүнөн улам болушу мүмкүн экендиги айтылган. Бирок “Мадина” соода комплексинин жетекчиси ушул жылдын февраль айында эле жаңы линиялар коюлганын билдирүүдө.

Эске салсак, тилсиз жоо 14-сентябрда түнкү саат он бирлер чамасында катталган.