Күбөлөр: Улан Саляновго кол салгандар 8 киши болчу (видео)

770

Улан Саляновду атып өлтүргөндөр табыла элек. Ыкчам издөө иштери уланууда, дейт Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери. Азырынча кылмышка шектүүлөрдүн ысымдары да аталган жок. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн деп, көп маалымат жашыруун сакталууда. Ал арада туугандарынын айтымында, Улан Саляновго кол салгандар 8 киши болчу. Алар окшош форма кийип, үч жол тандабас машина менен келгени кабарланууда. Жакындары кылмышкерлерди тезинен таап, жазалоону суранышат.