Күч органдарында иштебегендер дагы Патрулдук милиционер боло алат (видео)

637

Жаңы түзүлгөн патрулдук милицияга кызматкерлерди тандоо сынактары жүрүп жатат. Бүгүнкү күнү 771 адамдан арыз түшкөн. Патрулдук милицияга талапкерлер 19дан 35 жашка чейин болушу керек. Билими орто же жогорку болсо жарай берет.

Жаңы түзүлгөн курамда иштөөгө аялдар дагы кызыгууда. Жетекчилер кызматкерлердин орточо айлыгы 23 миң сомго жетет деп ишендиришүүдө. Патрулдук милицияга 800 адам алынат.