Күч органдарында паракорчулук күчөдү (видео)

517

Жемкорлук менен күрөшө турган мамлекеттик органдарда иштегендер өздөрү кылмышка аралаша баштады. 2 күн мурда 1000 доллар пара алып жаткан жеринен милиционерлер колго түшүрүлсө, кечээ финполициянын кызматкерлери кылтакка илинген. Алардын ичинде жетекчилик кызматта иштегени да бар экени айтылууда.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын 2 өкүлү Казакстандан товар ташып келген айдоочулардан 2000 доллар талап кылганы кабарланды. Бирок бул боюнча УКМК да, Финполиция да комментарий берүүдөн баш тартууда.