Күч түзүмүндө иштегендердин ар бир кадамы көзөмөлдө болот (видео)

793

Сот, укук коргоо жана прокуратура органдарынын кызматкерлери той өткөрсө дагы, каражатты кайдан алганы тууралуу отчет беришет. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев билдирди. Анын айтымында, эми күч түзүмүндө иштегендердин ар бир кадамы көзөмөлдө болот. Мындай аракеттер коррупция менен күрөшүүгө арналган чаралардын бири. Ошондой эле, «коррупция», «мамлекеттин мүлкүн уурдоо» жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп жоопкерчиликке тартылган жана соттолгондордун “кара тизмеси” түзүлөт. Ал электрондук сайтка жайгаштырылып, аны менен бардык каалоочулар тааныша алышат.