Күч түзүмүндө иштегендердин киреше-чыгашалары өзгөчө көзөмөлдө болот

660

Сот, укук коргоо, көзөмөл органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө чет өлкөлүк компаниялардын баалуу кагаздарын, акцияларын сатып алууга мыйзам менен тыюу салынат.

Ошондой эле, алар өкмөт аныктаган банктарда гана эсеп ачууга милдеттендирилип, туугандары накталай акчага 100 миң сомго чейин гана сатып алууларды жүргүзө алышат. Орган кызматкерлеринин жана алардын жакындарынын баардык сатып алуулары каттоого алынып турат. Муну менен күч түзүмүндө иштегендердин киреше-чыгашалары өзгөчө көзөмөлдө болот.

Ага кошумча, сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө башка бирөөнүн мүлкүн пайдаланууга тыюу салынат. Же болбосо, ал турак жай же машина мыйзамдуу жол менен табылган каражатка алынгандыгы декларация аркылуу такталып көрсөтүлүшү керек.

Мындай чаралар Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чечиминде жазылган.