Күйөрмандар Кыргызстага кайткан футболисттерди тосуп алышты (видео)

696

Куш келдиңер «Ак шумкарлар»! Дал ушундай сүрөөн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын «Манас» аба майданында жүздөгөн футбол күйөрмандары тосуп алышты. Алардын арасында өкмөт өкүлдөрү да бар. Улуттук команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин аларды тосуп алууга жүздөгөн кыргызстандыктар келгени күтүүсүз жана жагымдуу болгонун жашырган жок.
Азия чемпионатынын сегизден бир бөлүгүнөн кийин эле кайтып келгендерине карабастан, футболчулар да күйөрмандары менен жолугуп жатканына кубанып жатышты.