Күйүүчү май контрабандасынын артында кимдер турат? (видео)

797

Өлкөгө киргизилген бензиндин ар бир төртүнчү литри контрабандалык жол менен ташылат экен. Салыктан качкан аткезчилер Казакстандан тонналап май ташып, болуп көрбөгөндөй киреше табышууда. Аларды ооздуктаган деле киши жоктой. Көз карандысыз эксперттер, нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстанга канча көлөмдө күйүүчү май аткезчилик жолу менен келээрин, анын кесепетинен канча сом казынага түшпөй жатканын эсептеп берсе дагы, кебелип койгон киши байкалбайт. Анткени буга кызыкдар адамдар бар.

Болбосо, Казакстан Кыргызстанга 100 миң тонна күйүүчү майды берүүгө даяр экенин билдирип, бир нече айдан бери биздин өкмөттүн жообун күтүп жатат. Эгер макулдашууга кол коюлса, контрабанданын жолу буулуп калмак экен, бирок ал таасири бар адамдарга пайдасыз да. Ошону үчүн бул иш ордунан жылбай жатса керек. Адистердин айтымында, 2013-жылдан бери күйүүчү майды мыйзамсыз ташыгандар көбөйгөн. Бирок ушул күндөрү өтө эле көбөйүп, кооптуу чекке жетти.