Күйүүчү май кымбаттап, май куюучу жайлар жабылууда (видео)

2132

Жакынкы күндөрү күйүүчү майдын баасы дагы 10 сомго чейин кымбаттап кетиши күтүлүүдө. Мындай тынчсыздануусун Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлдөрү айтып чыгышты. Анда Россиянын мунайзат иштетүүчү компанияларында күйүүчү майдын тоннасы 100 долларга кымбаттаганы жана ага кошумча эки ири завод оңдоо иштерине жабылганы белгиленген.

Ал арада Кыргызстанда бензиндин баасын мындан ары жогорулатпай кармап туруу аракети өлкөдө май куюучу жайлардын иштебей калышына алып келип жатыптыр. А түгүл, аймактарында ишин токтоткондор да бар экен. Адистер кырдаалды кыйындатпай, бир нукка салуунун жол-жоболорун сунуштап жатышат.