Күйүүчү май ташыган унаалардын катышуусундагы кырсыктар көбөйдү

1230

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күйүүчү май ташыган автоунаалардын катышуусундагы кырсыктар көбөйгөнүн айтып, тынчсызданууда. Акыркы 2 күн аралыгында эле күйүүчү май ташыган 3 автоцистерна жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Ал эми жыл башынан бери эле мындай 8 учур катталды.

Мисалы 7-февралда Нарын областынын Ак-Кулунду айылына жакын жерде 8 тонна бензин жана дал ушундай эле көлөмдө солярка ташып бараткан унаа оодарылып, май жолго төгүлдү. Ага чейин бир күн мурда Ош-Баткен-Исфана жолунда да автоцистерна оодарылып, 8 тоннадан ашык солярка агып калган.

Көп өтпөй, Кара-Көл шаарына жакын жерде 37 тонна бензин жүктөп бара жаткан унаа кырсыкка учураган. Буга чейин мындай кырсыктын кесепетинен бир айдоочу набыт болуп, сууга төгүлгөн майдан улам 7 тоннадан ашуун балык кырылган.