Күйүүчү май жакында дагы 10 сомго кымбаттайт (видео)

1311

Жакынкы 2 апта аралыгында өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасы кескин жогорулайт. Тактап айтканда, бензин 7 сомго, ал эми дизель отуну 12 сомго кымбатташы күтүлүп жатыптыр. Нефтетрейдерлер ассоциациясы буга экспортоочу өлкөдө мунайдын тартыштыгы жаралып, баасы өсүп кеткени себеп болууда деп түшүндүрүшүүдө.

Ошондой эле, бул мекеме бензин ташып келген ири компанияларды салыктан жеңилдетүүнү сунуш кылып, өкмөткө кайрылууда. Себеби мунайга болгон акциз салыгы менен кошумча нарк салыгын төмөндөтүү менен бааны 10 сомго арзандатууга мүмкүн экен. Тиешелүү министрлик болсо бул боюнча ойлонуп жатыптыр.