Күйүүчү майдын баасы акыркы эки айда 4,4 пайызга өстү

930

Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, күйүүчү майдын баасынын өсүшү Россияда аталган өндүрүмдүн баасынын кымбатташы менен байлыныштуу. Ал эми Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, июль айынан бери күйүүчү майдын баасы орто эсеп менен 15 пайызга кымбаттады.

Ошондой эле, ушул жуманын башталышында эле аталган ассоциациянын жетекчилиги дизелдик күйүүчү отундун баасы дагы кымбатташы мүмкүн экендигин эскерткен. Буга Россия тараптан күйүүчү майдан кошумча нарк салыгысыз өткөрүлбөй жатканы себеп болору белгиленген.

Бүгүнкү күндө Бишкекте «Аи-92» үлгүсүндөгү бензин 40 болсо, «Аи-95»- 42 сом 50 тыйын, ал эми «Аи-98» үлгүсүндөгү бензининин 1 литри 47 сом 50 тыйынга чыкты. Дизелдик майдан наркы 38 сом 50 тыйынды түзүүдө. Өлкөдө күйүүчү май ташып келген жыйырмадан ашуун ишкана бар.