Күйүүчү майдын баасы мунай кымбаттаганы үчүн көтөрүлдү

877

Мындай маалыматты Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы таратты. Бирикменин басма сөз кызматы кабарлагандай, күйүүчү майдын баасы Орусиянын мунай базаларында баа көтөрүлгөндөн улам кымбаттап жатат.

Маалыматка ылайык, май айында баа кескин көтөрүлүп кеткен. «Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Орусиянын мунай базарында баа акырындап көтөрүлүп отуруп, жалпысынан 6% кымбаттаган болсо, май айында эле 10% кымбаттап кетти» деп айтылат маалыматта.

Орусиянын мунай базалары баанын өсүшүн дүйнөлүк базарда мунайдын кымбаттап жатканына байланыштырууда. Маалыматта айтылгандай, акыркы алты жумадан бери дүйнөлүк мунай базарында баа көтөрүлүп отуруп, акыркы 3,5 жылдан бери алгачкы жолу бир баррель мунайдын баасы 80 доллардан ашып түштү.

«Нефтетрейдерлер» ассоциациясы алдыңкы айларда Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 5-10% кымбатташы күтүлүп жатканын эскертүүдө.

Ушул тапта Кыргызстандагы күйүүчү майдын бир литри үлгүсүнө жараша 38 сомдон 46 сомго чейин сатылууда.