Күйүүчү майдын кымбаттаганы дыйкандарды кыйнады (видео)

2021

Дыйкандардын көбүнүн жазгы айдап-себүү иштери үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Буга күйүүчү майдын тартыштыгы жана кымбаттыгы себеп болууда. Учурда кампаларда жалпы керектөөнүн 59 пайызын жаба турган гана солярка калган. Тактап айтканда, азыр 25 миң тоннадай эле дизель отуну бар, дагы кошумча 15 миң тоннадай керек.

Күйүүчү майдын жана тетиктердин кымбаттаганынан улам кооперативдер дыйкандарга көрсөткөн кызмат акысына 50 сомдон 100 сомго чейин кошуп жатыптыр. Ал арада асмандаган баалардан улам, айрым фермерлер айдоо аянттарын кыскартууга аргасыз.