Кулчулук фактысы боюнча сурактар башталды (видео)

576

Чүй областынын Сокулук айылында 3 аялдын кулчулукка алынгандыгы боюнча алгачкы сурактар жүргүзүлдү. Милициядан билдиргендей, шектүү делген үй ээлери менен жабырлануучу катары өтүп жаткандардан жана күбөлөрдөн алгачкы көрсөтмөлөр алынган. Бирок учурда тараптардын айткандары бири-бирине карама каршы келип жаткандыктан, алдыда дагы экспертизалар жана териштирүүлөр жүргүзүлөт.

Жабырлануучунун жактоочусу болсо милиция окуя коомчулукка чыккандан кийин гана кыймылдаганын, эми деле тергөөчүлөр иштин жүрүшү тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып жатканын айтууда. Ал эми үй ээси эч кимди күч менен жумушка салган эмесмин дейт.