Кулиев көчөсүндө кампа өрттөндү (видео)

2934

Бишкекте кампалардын биринде ири өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен имараттын 850 чарчы метр жери күйүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жалын ширетүү иштеринде өрт коопсуздугу так сакталбагандыктан улам келип чыгышы мүмкүн дешет. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Учурда келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.