Кулматов боюнча райондук соттун чечими күчүндө калды

679

Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын карап, аны 28-сентябрга чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимди өзгөрткөн жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Ал буга чейин райондук соттун чечимин “таптакыр орунсуз” деп баалаган.

25-июнда ушул эле Биринчи май райондук соту Кулматовду 28-августка чейин камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү өтүнүчү менен адвокаттар жогорку инстанцияга кайрылып, колдоо тапкан эмес.

Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен айып тагылган.

Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши козголгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны «1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн» деп айыптап жатат. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат.